Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Сүрөт

14 апреля 2021 Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Сүрөт

Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер менен маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Бишкек баатыр касиеттүү адамдардан болгондугун айтып өттү.

"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатышат. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда", — деди Жапаров.

Өлкө башчысы ошондой эле шаардагы тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасалышы керектигин белгилеп кетти.

Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.

Баатырдын айкелин коюу боюнча иштер өткөн жылдын июнь айында башталып, ачылышы 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүнө паландалган. Бирок пандемиядан улам курулуш иштери өз убагында бүтпөй калган болчу.

Эстеликти орнотууга 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул каражатты "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси марафондо чогулткан.


sputnik