Бийлик автоунааны кайра каттаткандардан төлөмдү кышка чейин гана албоону сунуштады

14 апреля 2021 Бийлик автоунааны кайра каттаткандардан төлөмдү кышка чейин гана албоону сунуштады

Юстиция министрлиги автоунааларды кайра каттоодо жыйымдарды алып салуу боюнча июнь айынан декабрга чейин улуттук кампания жүргүзүүнү сунуштады.

Транспортту биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым бекитилген торчо менен 5 пайыз, ал эми кайра каттоодо 0,3 пайыздык көрсөткүчтү түзөт.

Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыккан токтом долбоорунда жазылгандай, президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, өкмөткө транспорт каражаттарын кайра каттоо  жыйымдары алып салуу сунушталган.

Министрлик 2019-2020-жылдары бул процедуранын натыйжасында бюджетке 373 миллион жана 92,4 миллион сом түшкөнүн билдирген. Мекеме жүргүзгөн анализге таянсак, 2021-жылы кайра каттоо боюнча операциянын көлөмү 15 пайызды түзүп, бюджетке 106,3 миллион сом түшмөк. Эгер автоунааны кайра каттоо боюнча жыйымды алып салса, бюджетке 110 миллион сом акча түшпөй калат.

Мындан улам министрлик пандемиядан жаралган каатчылыктан улам азырынча укуктук актыларды кабыл албай кое турууну белгилеген. Ошол себептен автоунааны кайра каттаткандардан 1-июндан 31-декабрга чейин гана акча албай туруу сунушталууда.

Маселен, 2009-жылы чыккан же андан да эски автоунааны кайра каттоо үчүн кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб метр болсо, унаа ээси 300 сом төлөйт. Ал эми 2010-2011-жылдары чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб метр болгон автоунаага ээси 750 сомду төгөт.


sputnik