Айтканы менен болуп, алдаңыз. Зомбулукка кабылган адам көрчү аракеттер

14 апреля 2021 Айтканы менен болуп, алдаңыз. Зомбулукка кабылган адам көрчү аракеттер

Зомбулукка кабылган адам ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбеши үчүн кандай аракеттерди кылышы керектигин Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору айтып берди.

Мекеменин эксперттерге таянып тараткан кеңешине ылайык, зөөкүр менен жалгыз калганда эң башкысы аман калуунун жана азыраак зыян тартуунун аракетин көрүү зарыл.

"Урушуп, талашуудан качып, айтканы менен болуп алдап көрүңүз. Ага да болбосо качыңыз, бирок шек алдырбаңыз. Анан милицияга чалыңыз же көчөдөгү элге кайрылыңыз. Окуя болгон жерге медиктерди да чакыртып, жаракаттарды каттатып калуу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң.

"Жакындардан, достордон же кризистик борборлордон баш калкалай турчу жай табыңыз. Паспорт сыяктуу керектүү документтерди чогултуңуз. Акча, дары-дармек, гигиеналык каражаттарды алып алыңыз", — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор үчүн аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктардын номерлери тизмектелген.


sputnik