Бишкекте табылган эки жашар бөбөктүн апасы милиция менен байланышка чыкты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Бишкек шаарынын 3-кичи районунда болжол менен эки жаштагы бөбөк табылган. Учурда ал балдар үйүндө. Буга чейин соцтармакта белгисиз аял милицияга чалып уулун алып кете турганын айтканы боюнча маалымат тараган.
"Күч түзүмдөрүнө 22 жаштагы М.С. аттуу келин байланышка чыгып, табылган баланын энеси экенин айткан. Ал милициянын бөлүмүнө чакыртылып, уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн. Документте эки жаштагы М.А. аттуу бала болуп чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Бөбөктүн энеси Чүй облусунда жашарын айткан.
"Жакында эле алар 3-кичи райондо жашаган туугандарыныкына келишкен. Ал жактан чыккан соң кызы өзүн начар сезип, аял уулун отургузуп коюп кызы менен басып кеткенин айтты. Кийин районду жакшы билбегендиктен адашып кетишкен", — деп жазылат билдирмеде.
Учурда келин Октябрь районунун администрациясында экени айтылды. Аны менен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө, балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда. Сүйлөшүү аяктаган соң алар балдар үйүнө бара турганы кошумчаланды.
"Териштирүү учурунда кечээ болжол менен саат 15:00дөр чамасында М.С. аттуу аял балдар үйүнө барып социалдык кызматкерге каржы жактан кыйналып жаткандыгын айтып, уулун ошол жакта калтырууну өтүнгөн. Кызматкер бул маселе боюнча башкармалыкка кайрылууну суранган", — деди укук коргоо органы.
Милиция энеси уулун алып кетиш үчүн башкармалыктын үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнө мыйзамга ылайык бир нече документин көрсөтүшү зарыл экенин белгиледи.