Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды

14 апреля 2021 Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекенинде мамлекеттик издөө жарыяланган жарандарды колго түшүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин негизинде РФтин аймагында жашынган үч шектүүнү кармады.

Ага ылайык, 2011-жылы 1990-жылкы Э.О. эки шериги менен Сокулук районундагы үйлөрдүн бирине кирип үй ээлерин сабап туруп 100 миң сомун алып кеткен. 2012-жылы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөө жарыяланган К.С. аттуу 1952-жылкы аялдын жүргөн жери дагы аныкталган.

Мындан сырткары, 2020-жылдан бери балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 1979-жылкы М.Э. дагы кармалган.

Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.


sputnik