Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов биротоло акталды

14 апреля 2021 Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов биротоло акталды

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов акталды.

Мындай өкүмдү бүгүн, 13-апрелде, Биринчи май райондук сотунун судьясы чыгарды.

Ошону менен бирге аларга буга чейинки үй камагындагы бөгөт чарасы да күчүн жоготот. Ал эми камакка алынган мал-мүлк ээсине кайтарылмай болду.


sputnik