13 апреля 2021
"Газпром Кыргызстан" мектеби карантинге жабылып, окуучулар аралыктан билим алууга өттү. Бул тууралуу окуу жайдын директору Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын айтымында, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан эки класстын окуучуларынан коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Мындан улам Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритмине ылайык, эки аптага аралыктан окууга өттүк", — деди жетекчи.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы курган мектеп 960 балага ылайыкталган. Окуу имараты Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө жайгашкан.