Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду

13 апреля 2021 Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду

Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган үрөй учурган жол кырсыгынан дагы бир бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 сүзүшкөн.

Алгач 19-20 жаштагы үч эркек бала көз жумуп, дагы үч бала Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылган.

"Ооруканада жаткан 20 жаштагы Ж.Т. дагы көз жумду", — деп билдирди ӨКМ.

Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучу тартылган. Алар маркумдардын сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.


sputnik