Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада

13 апреля 2021 Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада

Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен үч бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 сүзүшкөн.

Көз жумган 19-20 жаштагы үч эркек баланын сөөгүн унаадан куткаруучулар чыгарып, укук коргоо органдарына өткөрүп берген. 20 жаштагы дагы үч бала жабыркап, Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылды.

Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучу тартылган.


sputnik