Чүйдө жашы жете элек кызды ала качты деп үч жигит кармалды. Сүрөт

12 апреля 2021 Чүйдө жашы жете элек кызды ала качты деп үч жигит кармалды. Сүрөт

Милиция Чүйдүн Жайыл районунда кыз ала качууга шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Кечээ, 11-апрелде, райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Дөбө айылынын жашоочусу кайрылып, анын 17 жаштагы кызын белгисиз балдар үйлөнүү максатында ала качып кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Чүй облустук жана Жайыл райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында окуяга шектүү 21 жаштагы эки жана 22 жаштагы бир бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды ата-энесине жеткирип берген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


sputnik