Таттуу суусундуктар баланын окууга жөндөмүн азайтат. Жаңы иликтөө

5 апреля 2021 Таттуу суусундуктар баланын окууга жөндөмүн азайтат. Жаңы иликтөө

Таттуу суусундуктар эске тутууну начарлатып, жаш балдардын окууга жөндөмүн азайтат. Бул тууралуу Жоржия жана Түштүк Калифорния университеттеринин (АКШ) окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып, РИА Новости жазды.

Адистер келемиштерге эксперимент жүргүзгөн учурда кичине кезинен тарта кумшекер кошулган суу ичип чоңойгон чычкандардын кийин эске тутуусу начар болорун аныкташкан.

Мындан тышкары, таттуу суусундук ичкен жаныбарлардын ичегисиндеги бактериялардын курамы өзгөрүп, бул нерсе алардын мээсинин иштешине терс таасирин тийгизери билинген.

Эми илимпоздор эгер адам пайдасыз суусундуктардан баш тартып, туура тамактанса, организм оңолуп кетеби же буга чейинки абалында калабы деген суроого жооп издеп жатышат.

sputnik