Куткаруучулар топурактын урандысынан кишини сууруп чыкты. Гомелдеги видео

5 апреля 2021 Куткаруучулар топурактын урандысынан кишини сууруп чыкты. Гомелдеги видео

Окуя Гомель шаарында менчик үйдө курулуш иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Беларустун Гомель аймагынын куткаруучулары өз учурунда жетишип келип калып, топурактын алдынан кишини аман сууруп чыгышты. 

Sputnik Беларустун жазганына караганда, ал адам өз үйүндө суу өтө турган каналга түтүк жаткыруу үчүн траншея казып жатканда топурак урап түшкөн. Бактыга жараша, көкүрөк жагы ачык калган. Кабар түшөрү менен куткаруучулар бригадасы жетип келген.

Бир нече убакыт жан алакетке түшүп жатып, акыры куткаруучулар кишини сууруп чыккан. Бир нече жеринен жаракат алган адамды медиктерге өткөрүп берип, ак халатчандар жабырланган кишини ооруканага алып кеткен.

sputnik