Алай: куткаруучулар мал карап жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы издеп жатат

5 апреля 2021 Алай: куткаруучулар мал карап жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы издеп жатат

Оштун Алай районунун Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында мал карап жүрүп жоголгон 14 жаштагы бала изделип жатканын ӨКМ кабарлады.

Өспүрүм 2-апрель күнү жоголгон. Издөө иштери натыйжа бере элек.

Бүгүн баланы издөөгө ӨКМдин 30 куткаруучусу, ИИМдин он кызматкери жана жергиликтүү тургундар чыккан.


sputnik