Өзбекстанда жетекчилик кызматтагылар 15 пайызга кыскартылат

5 апреля 2021 Өзбекстанда жетекчилик кызматтагылар 15 пайызга кыскартылат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарда кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

2021-жылдын 1-майына чейин мамлекеттик жана жергиликтүү органдарда башкаруучулук кызматтагылардын саны 15 пайызга кыскартылышы керек.

Ошондой эле айрым чакан түзүмдөр түп-орду менен жоюлуп, алардын милдеттери министрликтерге жүктөлмөкчү.

"Ушул тапта мамлекеттик бюджеттен каржыланган 53 органда 44 099 жетекчи бар. Алардын арасынан 5 308 орун кыскартылып, 1-майга чейин 38 791 гана жетекчи калышы керек", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле министрлердин 110 орун басарынын ичинен 57си гана өз кызматында калмакчы.


sputnik