ӨКМ: Ысык-Атада чайыр эриткен челекке түшүп кеткен киши каза болду

2 апреля 2021 ӨКМ: Ысык-Атада чайыр эриткен челекке түшүп кеткен киши каза болду

Ысык-Ата районундагы "Кант цемент заводу" ишканасынын аймагында 51 жаштагы киши чайыр эритүүчү челекке түшүп кетип, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Окуянын чоо-жайы айтылган эмес.


sputnik