Боом капчыгайы 5-9-апрель аралыгында күн сайын алты саатка жабылат

2 апреля 2021 Боом капчыгайы 5-9-апрель аралыгында күн сайын алты саатка жабылат

5-9-апрель аралыгында Боом капчыгайында таш кулатуу иштери аткарыла тургандыктан темир жол менен автоунаа жолу алты саатка жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" УК" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы 117-118-чакырымдары жана темир жолдун 3885-3886-чакырымдары эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү маршрут тандоо сунушталды.


sputnik