2 апреля 2021
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов "Бикард" жеке клиникасынан чыгып, №47 түзөтүүчү колонияга киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Эске салсак, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, 20-февралда Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Кийинчерээк Матраимов артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган. Натыйжада Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын бирине которулган.