Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү азык-түлүк саткан үч дүкөн менен арзандатуу тууралуу келишим түздү. Аталган органдын сунушу менен өкмөт супермаркеттер үчүн чектөөнү алып, суткасына 24 саат бою иштешине мүмкүнчүлүк берген.
Макулдашуулар төмөндөгүдөй болду:
- "Фрунзе" соода түйүндөрүндө биринчи сорттогу "Астык" унун, "Благо" өсүмдүк майын, "Баркад" макаронун, "Чемпион" чайын жана кумшекерди 5 пайыздык арзандатуу менен сатуу;
- "Народный" соода үйлөрүндө саат 07:00дөн 11:00гө чейин пенсионерлерге арзандатуу каралган. 1-апрелден тарта бул убакыт 19:00гө чейин узартылат;
- "Глобус" соода түйүндөрүндө 58 жаштан жогорку жарандар үчүн бөлкө нан 11 сомдон сатылат.
Ошондой эле Монополияга каршы агенттиги жума сайын жарманкелер өтүп жатканын эскертти.
Мындан сырткары, бул органга күтүүсүз текшерүү укугун берүү жана монополияга каршы мыйзамды бузгандарга карата жазаны күчөтүү демилгесин сунуштап жатат.
Тагыраак айтканда, өз ара сүйлөшүп алып бааны жогорулатуу жана ордунда кармап туруу сыяктуу мыйзам бузуулар үчүн Россия, Беларусь, Казакстан жана Арменияда колдонулгандай товар жүгүртүүнүн 15 пайызын алуу боюнча айып пул киргизүү демилгеленүүдө.
Аны менен катар кандай учурда кандай рынокту жөнгө салуу маселесин иретке келтирүүчү мыйзам долбоору да иштелип жатканы айтылат.