Кытайда 22 жаштагы кыргызстандык студент жол кырсыгынан каза болду

1 апреля 2021 Кытайда 22 жаштагы кыргызстандык студент жол кырсыгынан каза болду

Кытайда кыргызстандык студент жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

22 жаштагы мекендеш аталган өлкөдөгү окуу жайлардын биринде билим алып жүргөн. Окуя болгон жерге Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкери 29-мартта жөнөтүлгөн. Ал кырсыктын чоо-жайын тактоо жана сөөгүн мекенине кайтаруу маселеси менен алектенери айтылат. 

ТИМ маркумдун жакындарына сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшөрүн белгилеп, андан башка иштер элчиликтин компетенциясына кирбей турганын эскертти.

Ошондой эле бул кырсык боюнча Кытайдын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзөрүн кошумчалады.


sputnik