Парламент Сотторду тандоо кеңешинин 9 мүчөсүн шайлады. Тизме

31 марта 2021 Парламент Сотторду тандоо кеңешинин 9 мүчөсүн шайлады. Тизме

Жогорку Кеңештин депутаттары Сотторду тандоо кеңешинин 9 мүчөсүн шайлады. Талапкерлер квотанын негизинде үч тараптан сунушталды.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынан сунушталгандар:

  • Мунара Жолдошова;
  • Болоткан Дүйшөналиев;
  • Жолдошбек Сулайманов.

Оппозициялык фракциялардан сунушталгандар:

  • Алмазбек Арзыбаев;
  • Бактыбек Сатылганов;
  • Динара Качкыналиева.

Соттор кеңешинен сунушталгандар:

  • Шералы Камчыбеков;
  • Мирад Диниев;
  • Эмира Барктабасова.

Натыйжада добушка коюлуп, талапкерлердин баарын шайлоого 62 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.


sputnik