УКМК Бишкектин Биринчи май районунун салык кызматкерин кармады. Видео

31 марта 2021 УКМК Бишкектин Биринчи май районунун салык кызматкерин кармады. Видео

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектин Биринчи май району боюнча башкармалыгынын башчысы Б.Т.Т. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал мыйзамсыз баюу максатында кол алдындагы кызмат адамдары менен өз ара сүйлөшүп алышып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъектилерин системалуу түрдө акча алган коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө.

УКМК тараткан видеодон кызматкер өзүнүн иш бөлмөсүндө адамдар менен жолугуп, алардан конверт алып жатканын көрүүгө болот. Андан ары УКМК кызматкерлери анын бөлмөсүнө кирип, тинтүү жүргүзүшөт.

УКМК бул коррупциялык схема салык кызматындагылардын өз ара сүйлөшүп алып жасаган аракети деп эсептейт.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден системалуу түрдө пара алуу жана салык кызматынын инспекторлору менен башчынын ортосунда бөлүштүрүү фактылары катталды", — деп айтылат маалыматта.

Башкармалыктын башчысы кечээ, 30-мартта, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК опузалап пара талап кылуу жана ишкердик субъектилеринен пара алуу сыяктуу коррупциялык схемалар салык кызматынын башка аймактык бөлүмдөрүндө дагы орун алып, бул жалпы мамлекеттик башкарууга кедергисин тийгизип, ички инвестициялардын кетип калышына алып келээрин билдирди.

Буга байланыштуу көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер болгон учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коомдук кабылдамасынын 660020 номерине же Whatsapp 0501660020 ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөт.


sputnik