Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаевге генерал-майор жогорку аскердик наамы берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эрлис Тердикбаев Генералдык штабдын башчысы болуп 29-майда дайындалган. Бул күнү Коргоо министрлигинде бир нече дайындоолор болгон. Тердикбаев ага чейин КР Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы кызматын аркалап келген.
Кыргызстанда 2014-жылы аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб деп түзүлгөн. Ушул жылдын 1-февралындагы президенттин жарлыгы менен кайрадан Коргоо министрлиги түзүлүп, Генералдык штаб министрликтин курамында калган.
Ушуну менен Садыр Жапаров президент болуп шайланган үч ай ичинде беш адамга генерал-майор, бир адамга генерал-лейтенант наамын берди.