Коркутуп жатышат! Аалымдар кеңеши муфтийди шайлоону эки айга жылдырды

31 марта 2021 Коркутуп жатышат! Аалымдар кеңеши муфтийди шайлоону эки айга жылдырды

Муфтийди шайлоо үчүн өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылды. Мындай чечим Аалымдар кеңешинин чукул жыйынында кабыл алынганын уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Чукул жыйын кечээ, 30-мартта, өткөн.

"Муфтийдин, Аалымдар кеңешинин мүчөсүнүн жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат орундарына талапкерлерди тандоо эки айга жылдырылган. Бул кызмат орундарга аттангандардын тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку билими боюнча документтерин кылдат текшерүү көп убакытты талап кылууда. Мындан сырткары, чагымчыл тараптардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузууга жасаган аракеттери жыйынды жылдырууга негиз болду", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө ошондой эле айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болгону айтылат.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Аалымдар кеңешинин айрым мүчөлөрү алыскы облустарда жашагандыктан, чукул жыйын онлайн өткөн.


sputnik