Пресстери чыгып... Укмуштуудай сальтолорду жасаган кытайлык бөбөктүн видеосу

30 марта 2021 Пресстери чыгып... Укмуштуудай сальтолорду жасаган кытайлык бөбөктүн видеосу

Наристе кезинен эле уруш өнөрүнө аралашкан кытайлык жети жашар кыз Ян Цзысюань социалдык тармактарга белгилүү болууда. Анын машыккан видеолорун шыктануу менен көргөндөр көбөйдү.

South China Morning Post басылмасынын жазганына караганда, кыздын машыгуу залдагы видеолорун социалдык желеге апасы чыгара баштаган. Кадрлардан ал токтобой чимирилип сальто жасап, боксташып, нунчак менен шуулдап иштегенин көрүүгө болот. Апасы ал бир учурда 22 ирет сальто жасай аларын белгилеген.

Видеодон кичинекей кыздын курсагындагы пресстерин дагы көрүүгө болот. Апасы ал сальтону үч жашында эле жасай баштаганын, бир жылдан кийин залга жазылганын айткан. Машыктыруучусу ал бөлөк балдарга салыштырмалуу көбүрөөк машыгарын белгилеген.

Кытайлык кыз келечекте кунг-фу өнөрүнүн чебери болууну самайт.



sputnik