Ремиксин угуп эле жүрөбүз! Казакстандык жаш диджей "Грэмми" сыйлыгын алды

15 марта 2021 Ремиксин угуп эле жүрөбүз! Казакстандык жаш диджей "Грэмми" сыйлыгын алды

Imanbek каймана аты менен таанымал 20 жаштагы казакстандык диджей Иманбек Зейкенов жыл ичиндеги мыкты ремикси үчүн "Грэмми" сыйлыгын алганын РИА Новости жазды

Ал SAINt JHN аттуу америкалык рэпердин Roses ырын жаңыча алып чыккан.

Зейкенов кесипкөй музыкант эмес, Казакстандагы темир жол колледжинде окуйт. Анын Roses ырына ремикси YouTube хостингинде миллион көрүүчү топтоп, рейтингдерде алдыга чыгып, хит-параддардан түшпөй калган.

Жаш диджейдин талантын байкаган Россиянын үн жаздырган компаниясы Effective Records аны менен келишим түзгөн.

"Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинин негизги бөлүгү Москва убактысы боюнча дүйшөмбүгө караган түнү болду.


sputnik