Гүлнара Каримова абактагы азап тууралуу ыр жазып, аны кызы интернетке жарыялады

15 марта 2021 Гүлнара Каримова абактагы азап тууралуу ыр жазып, аны кызы интернетке жарыялады

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова абакта жатып, жакындарына өзү жазган ырларын берип жиберген. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримова өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Кыздын айтымында, катты апасы жаткан абактан эркиндикке чыккан адамдар алып келип берген.

"Абактан жаңы чыккан өтө кайраттуу аялдар апамдын катын алып келишти. Анда өзү жазган ырлары жана азыркы абалы тууралуу кабар бар экен. Учурда биз апам менен таптакыр байланыша албайбыз. Жактоочуну дагы киргизишпейт, телефон аркылуу дагы кабар ала албайбыз", — деп жазды Иман Каримова постунда.

Ырында Каримова абактагы турмуш жана андагылардын башынан өткөргөн азабы тууралуу айтканын көрүүгө болот.

Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп, сот анын абак мөөнөтүн 13 жыл төрт айга көбөйткөн.

Соңку ирет тагылган айыпта Каримованын мамлекетке 165 миллион доллар чыгым келтиргени айтылган.


sputnik