Дарыгердин айтымында, салмак таштайм деген киши ачык түстөгү акшакты өңү буурулга алмаштырышы керек.
Диетолог Ольга Деккер ашыкча салмактан жеңил арылууга жардам берген акшактын түрлөрүн санады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Дарыгердин айтымында, салмак таштайм деген киши ачык түстөгү акшакты өңү буурулга алмаштырышы керек. Тагыраагы, экинчисине өтүшү шарт. Өңү буурул акшакка булгур, гречка, буудай, жүгөрү жана арпа кирет. Ошондой эле полба деп аталган буудайдын бир түрү, спельта жана күрөң күрүч да кара акшак болуп саналат.
"Гречка B1, B2, B6, PP, P сыяктуу витаминдерге бай. Бирок бир күн кечке гречка менен эле чектелген болбойт. Мындай ыкма колдонгон учурда организм кайра көп запас топтойт", — деди адис.
Деккер буудай акшагы иммунитетти бекемдеп, тери, чач, тырмакты жакшырта турганын айткан. Ошондой эле картаюу процессин жайлатат.
"Арпанын артыкчылыгы — ал организмден аллергендерди чыгарууга жардам берет. Бул дандын акшагы начар холестериндин деңгээлин азайтып, кан тамырды тазалайт", — деген Деккер.
Булгур болсо уйкуну жакшыртып, стрессти жөнгө салат.
"Анын курамындагы магний диабеттин экинчи тибинин пайда болушун алдын алат. Ал эми калий менен фосфор сөөктү бекемдеп, булчуңду азыктандырып, мээни кычкылтекке толтурат", — деди ал.
Жүгөрү акшагы зат алмашууну тездетери белгиленди. Анын жыйынтыгы менен ашыкча салмак тезирээк кетет. Жүгөрү ичегинин ишин да жөнгө салып, калий, каротин, темир жана магнийге бай экени аныкталган.