Бишкекте Октябрь РИИБинин эки ыкчам кызматкери кармалды. Видео

4 марта 2021 Бишкекте Октябрь РИИБинин эки ыкчам кызматкери кармалды. Видео

Милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды. Билдирүүнү Sputnik Кыргызстан агенттигине Финполдун маалымат кызматы тастыктады.

Видео

Ага ылайык, колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

Маалым болгондой, милиционерлер 2-мартта жабыркаган адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан.

© ФОТО / ИСТОЧНИКИ

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды.

Калган 25 миң сомду алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.

Колго түшүрүү учурунда тартылган сүрөттөрдү укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар беришти.

sputnik