Аксыда үч адам ууланып каза болду, ооруканага түшкөндөр бар

4 марта 2021 Аксыда үч адам ууланып каза болду, ооруканага түшкөндөр бар

Облустук милициянын маалыматына караганда, ууланган адамдар ооруканага жеткирилген соң таңга жуук каза болушкан. Азырынча алардын эмнеге ууланганы аныктала элек.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда үч адам белгисиз затка ууланып каза болду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев тастыктады.

Анын айтымында, бул факт каттоого алынып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

"Биз алардын эмнеден ууланганын айта албайбыз, бирок ууланган үч адам ооруканага жеткирилген соң 4-март күнү таңга жуук каза болушканын ырастай алабыз. Уулануунун себептерин экспертиза аныктайт", — дешти облустук милициядан.

Маалымат катчы каза болгон адамдардан башка дагы бир нече адам ооруканада экендигин кошумчалады. Алардын саны да такталып жатат.

sputnik