ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

28 февраля 2021 ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрында Нарын облусундагы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.


sputnik