Жапаров Путинге эмне тартуу кылганы белгилүү болду

26 февраля 2021 Жапаров Путинге эмне тартуу кылганы белгилүү болду

Мамлекет жетекчиси башында турган КР делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга барып келген.

Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул туурасында ал "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы жазды.

Анда журналист Жапаровдон коноктор ар дайым кур кол келбестигин эске салып, бул ирет кандай белек тартуулаганын сураган.

"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Ал кылыч Кыргызстандагы чебер усталардын колунан жасалган", — деп жооп берди Жапаров.

Эске салсак, Жапаров башында турган кыргыз делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга жумушчу сапар менен барып келген. Анын жыйынтыгы менен болгону туурасында да билип алыңыз.

sputnik