Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду

16 февраля 2021 Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги №5- орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырганы менен табиятынан берилген шык талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат.

Актриса 1958-жылы тартылган "Алыскы тоолордо" көркөм тасмасында ролун аткаруу менен кеңири таанылган.

Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин "Азоого чалмада" Катарина, "Отеллодо" Дездемона, Ч. Айтматовдун "Кылым карытар бир күндө" Найман эне Ж. Абдыкадыровдун "Олжобай менен Кишимжанда" Кишимжан, К. Мамбетакуновдун "Омар Хайямдын махабатында" Элпи, М. Байжиевдин" Төрт адам да" Нази, "Кыз күйөөдө" Гүлсүн, Б Жакиевдин "Күттүргөн жазда келээр" Зейнеп, М. Карим "Ай тутулган түндө" Шафак, Гогольдун "Үйлөнүүсүндө" Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасов "Ак боз ат" Эркайым сындуу этаптык образдарды жараткан.

sputnik