16 февраля 2021
УКМКнын маалымат кызматы "Кыргыз алтын" башкаруучулугунун төрагасы Элмырза Үкүбаевдин кармалган видеосун жарыялады.
УКМКдан билдиришкендей, кадрдан Үкүбаевдин иш бөлмөсүндө пара алып жатканын көрүүгө болот. Андан соң УКМКнын өкүлдөрү кирип келген. Шектүү аларга шкафтагы акчаны алып чыгып берген. Андан соң анын колуна кишен салынып, УКМКнын имаратына алып кетишкен.
Бүгүн Биринчи май райондук соту Үкүбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. УКМКдан билдиришкендей, ал 100 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Ал алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүсүн талап кылганы айтылууда.