Зыяратчылардын акчасын пайдаланган. УКМК муфтияттын бухгалтерин кармады

10 февраля 2021 Зыяратчылардын акчасын пайдаланган. УКМК муфтияттын бухгалтерин кармады

Муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б. Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыя кылып берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү өз максатына жумшап турган. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырып, кошумча тергөө иштерин токтотуу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 9-февралда, бул факт сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Аталган комитеттен бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

sputnik