Чүйдө дайынсыз болгон бир тууган балдар 20 күндөн бери изделүүдө. Сүрөт

9 февраля 2021 Чүйдө дайынсыз болгон бир тууган балдар 20 күндөн бери изделүүдө. Сүрөт

Милицияга 40 жаштагы аял кайрылып, эки уулу 19-январда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Чүй облусунун Панфилов районунда жоголгон өспүрүм балдар 20 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милиция бөлүмүнө 40 жаштагы аял кайрылып, 17 жаштагы Куаныш Каримжанов жана 18 жаштагы Арген Адыл улуу аттуу балдары 19-январда кечки саат 20:00дө үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГУВД ЧУЙСКОЙ ОБЛАСТИ

Дайынсыз жоголгон Куаныш Каримжанов жана Арген Адыл уулу

Куаныш Каримжановдун өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арыкчырай, чачы кыска, кара түстө, көзү кара. Кызыл куртка, башына кара тумак жана ушундай эле түстөгү спорттук шым, спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Арген Адыл уулунун өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, кыска кара чачтуу, көзү кара. Башына кара тумак, жашыл куртка, ак түстөгү спорттук шым, кара ботас кийип жүргөн, жанында кара портфель болгон.

Милиция балдарды көрүп билгендер болсо 0(701) 43-03-19, 0(312) 60-79-89, 0(3137) 51-4-02 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

sputnik