Эл арасында бала кезинде психологиялык соккуга дуушар болгон киши өмүрү негативдүү нерселерден арыла албайт, андан жакшы адам чыкпайт деген түшүнүк бар.
Бактылуу жана коопсуз балалык адамды келечекте психологиялык илдеттерден сактай албайт. Бул тууралуу Түштүк Австралия жана Канберра университеттеринин окумуштууларына таянып Medical Express илимий басылмасы жазды.
Эл арасында бала кезинде психологиялык соккуга дуушар болгон киши өмүрү негативдүү нерселерден арыла албайт, андан жакшы адам чыкпайт деген түшүнүк бар. Бирок адистер жаңы иликтөөсүндө "көлөкөдө" чоңойгон балдар деле бир топ психологиялык кыйынчылыктарга туш болорун аныкташты.
"Ооба, иликтөөгө алынгандардын арасынан бактысыз балалыкты башынан өткөргөндөр чындап эле кийин депрессия жана паранойяга көп кабылары байкалды. Бирок толугу менен ата-эненин камкордугунда, жылуу-жумшак үйдө чоңойгон балдар арасында дагы чоңойгондо психологиялык жактан жабыркагандар көп", — деди иликтөөнүн катышуучуларынын бири Бьянка Кал.
Мындан улам адистер адамдын психологиялык соккуларга туруштук бериши же моюн сунушу көп жыл мурда болгон окуялардан эмес, өзүнүн бекемдигинен көз каранды деген бүтүмгө келишти.
Ошондой эле илимпоздор бул жагдайды дагы тереңдеп изилдөө керектигин кошумчалашты.