8 февраля 2021
Алымкулов бул кызматка эки жыл мурун келген. Ал буга чейин шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевден сын уккан.
Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, Алымкулов жаңы жумушка которулган. Транспорт тармагын караган вице-мэрдин орду азыр бош турат.
Буга чейин шаар башчысы Балбак Түлөбаев эки вице-мэрди — Азиз Алымкулов менен Азамат Сагындык уулун Бугу эне-Багыш конушуна жаңы маршруттук линияны жүргүзбөгөнү үчүн эскертүү берген.
Алымкулов бул кызматка 2019-жылы февралда келгени маалым.