Жапыкеев коррупция менен күрөшүү накта башталганын айтып, УКМК депутаттын ишин ачык-айкын изилдешине ишеним артты.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди кармаганы үчүн УКМКны алкады.
Ал Facebook баракчасына духовкага чапталган депутаттын куран кармап турган сүрөтүнө өзүнүн сөмөйүн кезеп турган сүрөтүн жүктөп, пост жазган.
Анда Жапкеев УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтеп, аны менен күрөшөрүн, ал эми Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөрүн түшүндүргөн.
“Финпол депутатка алыбыз жетпесе да балдарын камаганбыз, бирок алар да сот аркылуу чыгып кеткен. Бүгүн Жумалиевди АКС басыптыр, бир чети туура болду. УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп, тергөө абагы бар, өздөрү ачык-айкын изилдешсин. Коррупция менен күрөшүү накта башталды. Молодцы УКМК!!! Достор, акыркы күндөрү мени жамандап ушак чыгаргандар көбөйдү. Чагымчылыкка алдырбай, тынч эле тура туралы. Жумушка жабышкан жокпуз”, — деди Жапыкеев.
Ошондой эле ал Финпол жоюлбай калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев кечээ, 4-февралда, коррупцияга шектелип камалган. Ал эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамыз алганы жана 78ге жакын кыймылсыз мүлктүн ээси экени аныкталган.