Адис: ооздон чыккан жагымсыз жыт оор илдеттерден кабар берет

3 февраля 2021 Адис: ооздон чыккан жагымсыз жыт оор илдеттерден кабар берет

Галитоздун (жагымсыз жыт) пайда болушуна организмдин физиологиялык өзгөчөлүгү дагы себеп болушу ыктымалдыгы айтылды.

Ооздон чыккан жагымсыз жыт ден соолукта олуттуу көйгөй бар экенинен кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу "Бешинчи каналга" дарыгер-терапевт Арина Жегалина билдирди.

"Адамдын ооз көңдөйүндө химиялык заттар топтолуп калганда жагымсыз жыт пайда болот. Айрыкча (90 пайыз учурда) буга стоматологиялык жана ЛОР оорулары себеп. Тагыраагы, тишти курт жеп салса, пародонтоз болсо, канаса адиске кайрылуу керек. Кээ бир учурда тиш "жашыруун" канайт, анан шилекейдеги кан жаман жыт чыгара баштайт", — деди адис.

Жегалинанын айтымында, өнөкөт тонзиллит (тамактын сезгениши) жана синусит (мурун көңдөйүнүн сезгениши) ооруларында дагы ооздон жагымсыз жыт чыгат. Галитоздун (жагымсыз жыт) пайда болушуна организмдин физиологиялык өзгөчөлүгү дагы себеп болушу ыктымал. Мисалы, ооз көңдөйүнүн түзүлүшү, тиш этинин чөнтөкчөлөрүнүн терең жайгашуусу, тилдин формасы менен бырыштарынын көптүгүн айтууга болот.

"Мындан сырткары, бул симптом ашказан, ичеги-карын жана боор ооруларынан дагы кабар бериши мүмкүн. Жагымсыз жыт рационго дагы байланыштуу болот, пияз, чеснок, түрп, капуста, ар кандай кошулмалар кошулган тамактар, кофе менен тамеки көп чегүү да себепкер боло алат. Ушунун баары жагымсыз жыттын пайда болушун шарттайт", — деди Жегалина.

Адис эл менен баарлашууда көйгөй жаралбашы үчүн ооздун гигиенасын сактап, стоматологго, керек учурда ЛОР, терапевт жана гастроэнтерологго кайрылып турууну сунуштады.

sputnik