Жол четинде турган автоинспекторлор Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, айдоочунун документтерин текшергенде анын шек жаратып, тынчсызданып турганы байкалган.
Борбор калаанын четинен, Бишкек — Манас жолунан милиционерлер Токмоктон кыз ала качып келе жаткан эки жигитти кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Окуя бүгүн, 3-февралда, болжол менен саат 09:00дөр чамасында болгон.
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА УОБДД ЧУЙСКОЙ ОБЛАСТИ
Кармалган жаран
Жол четинде турган автоинспекторлор Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, айдоочунун документтерин текшеришкен. Ошол маалда анын шек жаратып, тынчсызданып турганы байкалган.
"Автоинспекторлор автоунаанын терезесин ичинен бирөөнүн каккылап жаткандыгын угушкан. Чуркап барып эшикти ачып, ичинде ыйлап отурган кызды жана жанында отурган жаш жигитти көрүшкөн. Сураштыра келгенде кызды Токмоктогу окуу жайдын биринен уурдап, жакынкы айылдардын бирине алып бара жаткандыктары аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Кыздын 2004-жылы туулгандыгы, жашы жете электиги да белгилүү болгон.
Милиционерлер 20 жаштагы айдоочуну жана кызды ала качып бара жаткан 20 жаштагы жигитти кармап, Сокулук райондук милициясынын ыкчам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.