Февралда улуттук филармонияда кандай иш-чаралар өтөт? Тизме

3 февраля 2021 Февралда улуттук филармонияда кандай иш-чаралар өтөт? Тизме

Кыштын акыркы айында көрүүчүлөр үчүн бир нече концерттик программалар уюштурула турганы маалым болду.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы февраль айындагы репертуарын жарыялады.

Кыштын акыркы айында көрүүчүлөр үчүн бир нече концерттик программалар уюштурула турганы маалым болду.

5-февраль — КР авиациясына эмгек сиңирген ардактуу ардагер Козубековдун мааракелик иш-чарасы жана Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерттик программасы. Башталышы: саат 14:00;

10-февраль — КР эл артисти Султан Каримовго колдоо көрсөтүү үчүн уюштурулган концерт. Башталышы: саат 18:00;

13-февраль — "Кош жылдыз" концерттик долбоору. Башталышы: саат 18:00;

14-февраль — №14 музыкалык мектептин тарбиялануучуларынын концерттик программасы. Башталышы: саат 14:00 (Кичи зал);

14-февраль — "Поэзия жана ыр кечеси". Башталышы: саат 18:30 (Чоң зал);

20-февраль — Мекенди коргоочулар күнүнө карата концерт. Башталышы: саат 11:00;

26-февраль — "Аваз" теледолбоору. Башталышы: саат 18:30;

27-февраль — Улуттук филармониянын камералык оркестринин "Лучшая музыка из лучших мультфильмов" аттуу концерттик программасы. Башталышы: саат 18:30.

sputnik