Өлкөнүн бардык киреше булактарына жооп бере турган министрлик негизделип, анын жетекчисине вице-премьер макамы берилет.
Экономика жана финансы министрлиги өлкөнүн бардык киреше булагына жооп берген орган болот. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки Экономика жана Финансы министрликтери бириктирилген. Анын курамына Салык кызматы, Бажы кызматы жана Мамлекеттик мүлк фонду кире турган болду.
"Экономика жана финансы министрлиги өзүнчө чоң блок болот. Бекеринен министрге вице-премьер макамы берилген жок. Жалпы кирешелер боюнча бир киши жооп берсин деп жатабыз", — деди Марипов.
Аталган министрликтин жетекчилигине Улукбек Кармышаков сунушталууда. Буга чейин ал финансы министринин орун басары болуп иштеп келген.