Баланы терметкен туурабы? Видео

1 февраля 2021 Баланы терметкен туурабы? Видео

Психотерапевттер баланы эле эмес, улууларды да терметүү керек дешет. Неге?

Көрсө, термелген, терметкен кезде адамдын денеси табигый психофизикалык реабилитациядан өтөт экен. Нерв системасы тынч алып, организмдеги бардык бузулуулар калыбына келет. Психотерапияда адамды атайы термете турган ыкма бар. Ал “пальсинг” деп аталат. Бул адамдын физикалык, эмоционалдык жана менталдык катмарларын жалпы эмдей турган ыкма.

Палсинг адамды чалкасынан, көмкөрөсүнөн, тик отүргузуп бүтүндөй денесин термөө менен жүргүзүлөт. Муну палсинг массажы деп аташат. Мында денеи укалабай, акырын гана термейт.

ПАЙДАСЫ:

  • Дененин табигый физикалык ресурсу калыбына келет;
  • Физикалык жана психологиялык бузуулардан иштөөсү начарлаган органдын иштеши жакшырат;
  • Сезимталдык жогорулайт;
  • Сергектик пайда болот;
  • Психикалык оорулар азаят;
  • Невроз жана стресстен арылтат;
  • Баш ооруну жок кылат;
  • Иммунитетти бекемдейт;
  • Карылыктын алдын алат;
  • Жашартат;
  • Шлактардан тазалайт;
  • Арыктатат;
  • Коркуу жана тынчсыздануу сезимдеринен арылтат;
  • Дайыма чарчаңкы жүргөн адамдар үчүн пайдалуу.

Башкача айтканда, палсинг ыкмасынын адамдын ден соолугуна пайдасы көп. Муну биздин акылман ата-бабаларыбыз жакшы билишкен. Бүгүнкү күндө окумуштуулар бешикке жатпаган бала чоңойгондо тынчы жок, ачуулуу, зиркилдек болорун аныкташты. Муну 1989-жылы чыккан “Недобаюканная” мультфильминен да көрүүгө болот. Демек, баланы бешикте терметкен туура эле эмес, пайдалуу дагы.

Дененин бир бөлүгүнө кол тийгизип, бүткүл денени терметкенде дене козголуп, жеңил термелиши керек. Термелбеген (кыймылдабаган) дене дарт, психологиялык блок бар. Палсинг адиси менен бул маселелерди жоюуга болот. Жалпы палсинг массажынын курсу 10-12 сеанстан турат. Сеансты жумасына 2-4 жолу өткөрүүгө болот. Аны үйдө бири-бириңерге жасоого болот. Кыйын эмес.

Бүгүнкү күндө интернет дээрлик баарында бар. анда аталган массаджы кандай жасоо керектиги тууралуу атайын видеосабактар көп. Ал жаш балага да, кары адамга да пайдалуу.