Январда көмүрдүн баасы кымбаттады. Кайсы аймакта канчадан сатылууда

29 января 2021 Январда көмүрдүн баасы кымбаттады. Кайсы аймакта канчадан сатылууда

Бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу орто эсеп менен 74,25 сомго же 1,6 пайызга жогорулады.

Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калк жашоочу аймактарында көмүр наркы канча болуп жатканын талдады.

Маалыматка караганда, учурда бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу орто эсеп менен 74,25 сомго же 1,6 пайызга жогорулады.

Анын ичинде бир айда кескин түрдө кымбаттаган аймактар дагы бар. Мисалы, Исфана шаарында кара алтындын бир тоннасы 8 000, Баткен калаасында 7 318, Ноокат районунда 7 846 сомдон сатылууда. Эң арзан көмүрдү Балыкчы (3 694 сом), Нарын (3 500) шаарларынын жана Чаек айылынын (2 500) тургундары ала алат.

Мурунку айга салыштырмалуу Исфанада 1 385 сомго, Кербенде 917 сомго жана Баткенде 330 сомго кымбаттаган. Ошону менен бирге Токтогулда 370 сомго, Жалал-Абад шаарында 138,71 сомго арзандаган.

Ал эми борбор калаада баа 38 сомго жогорулаган.

sputnik