Кыргызстан Россиядан 500000 доза коронавирус вакцинасын сурады, деп билдирди республиканын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
"Кыргызстандын жетекчилиги Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жөнөттү. Биз вакцинанын 500 миң дозасын сурадык", - деди Бейшеналиев мамлекеттик Биринчи радиого берген маегинде. Анын айтымында, Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинен “маселе жакынкы аралыкта чечилет” деген келишим келип түшкөн.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы республикада коронавируска байланыштуу кырдаал оор бойдон калгандыгын эске салып, "кадимки жашоого кайтуу үчүн эмдөө керек" деп баса белгиледи.
Ошондой эле, Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанга америкалык Pfizer вакцинасынын 1 миллион 200 миң дозасын жеткирүү сунушталган, бирок ал минус 70 градуска чейин сакталууга тийиш жана республикада аны сактоого шарт жок. Россияда жасалган вакцина -2ден -18 градуска чейин температурада сакталат.
Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары 2020-жылдын март айында аныкталган. Бүгүнкү күндө өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 83 миң 430га жетти.1392 адам каза болду.