28 января 2021
Биздин өлкөдө эркектер арасында 40,4 пайызынын ашык салмагы бар. Бул көрсөткүч аялдар арасында 32,5 пайызды түзөт.
Кыргызстанда ашыкча салмагы бар аялдарга караганда эркектер көптүк кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ведомство жашы 30дан жогорку адамдардын арасында семирип кетүү көйгөйү бар экенин айтат.
"Эркектер арасында 40,4 пайызынын ашык салмагы бар. Бул көрсөткүч аялдар арасында 32,5 пайызды түзөт. Өзгөчө бул 30 жаштан жогорку эркектердин көйгөйү болуп эсептелет", — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы учурда диетологдор туура арыктоонун жолдорун байма-бай сунуштап келишет. Мисалы, россиялык адистер диетасыз салмак таштоонун 12 эрежесин айтышкан.