Ленин райондук администрациясы базардын аймагын иретке келтирүү аракетин кылып, бир нече маселени көтөрүп чыкты. Алардын арасында секс-притондорду жабуу аракети бар.
Бишкек мэриясы "Ош" базарынын айланасындагы сойкулук менен алектенгендердин жайларын жабуу ниетинде. Бул туурасында шаар бийлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тагыраагы, алар Чүй проспекти, Бейшеналиева, Рыскулов жана Павлов көчөлөрү жайгашкан тилкени көзөмөлгө алышты.
Ленин райондук акимчилиги базардын аймагын иретке келтирүү аракетинде дагы башка бир нече маселени көтөрүп чыкты. Алардын арасында коомдук транспорттун жүрүшүн жөнгө салуу максатында жайма базарларды жок кылуу милдети да турат.
Райондук администрациянын кызматкерлерине соода тартибин бузбоону эскертип, улам рейддерди өткөрүп туруу милдети тапшырылды.