Жээнбековдун инаугурацияга чакырылышына каршы болгондор митингге чыгышты

27 января 2021 Жээнбековдун инаугурацияга чакырылышына каршы болгондор митингге чыгышты

Акцияга чыккандар Жээнбековду пандемия учурундагы адам өлүмүнүн саны көбөйүп кеткенине айыптап, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков экөөнү камакка алууну талап кылышты.

Ак үйдүн алдына келген бир нече аял экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабын коюп митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

© SPUTNIK / ЭРКИН САДЫКОВ

Ак үйдүн алдына келген бир нече аял экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабын коюп митинг өткөрүп жатышат

Акцияга чыккандар Жээнбековду пандемия учурундагы адам өлүмүнүн саны көбөйүп кеткенине айыптап, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков экөөнү камакка алууну талап кылышты.

Алар, ошондой эле, экс-президенттин инаугурацияга чакырылышына каршы болушту.

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтмөкчү. Иш-чарага миңден ашык конок чакырылды.

sputnik