Бишкектиктер эми мэриянын жумушун көзөмөлдөй алат. Атайын долбоор боюнча брифинг

27 января 2021 Бишкектиктер эми мэриянын жумушун көзөмөлдөй алат. Атайын долбоор боюнча брифинг

Иш-чара шаршемби күнү, 27-январда, саат 10:00дө онлайн-форматта болот. Брифинг Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook баракчасынан түз алып көрсөтүлөт.

Бишкек шаардык мэриясы сынамык иретинде атайын системаны ишке киргизди. Анда онлайн тартипте муниципалдык кызматтар арасында жумуштун көлөмүн ыкчам жана натыйжалуу бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Шаардыктар өзүнчө платформада ордо калаадагы көйгөйлүү жерлерди көрсөтүп, андан кийин иштин жүрүшү боюнча билдирүү алышат. Мындай жол менен шаардык башкармалык бюрократиядан арылып, чыгымдарды кыскартууну көздөөдө.

Бул система кандай иштейт? Мэрия өзүнүн кызматтарынын ишин кантип оптимизация кылат? Жергиликтүү бийликтин санариптештирүү боюнча бөлүгүнө дагы кандай пландар кирет?

Ушул жана башка суроолорго "Санарип технология борбору" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абылов Адилет Кубанычбекович, шаардык чарба департаментинин жетекчиси Эшенбаев Нурлан Саматович жана шаардык чарба департаментинин маалымат кызматынын кызматкери Сманбаев Улукбек Орнокбекович жооп берет.

Урматтуу кесиптештер, суроолоруңуздарды (0553) 28-27-97 Telegram номерине жөнөтсөңүздөр болот. Аларды модератор түз эфирде узатмакчы.

sputnik