40 жаштан кийин ТӨШӨКТӨ боло турган КЫЗЫКТАР менен “КЕМЧИЛИКТЕР”

26 января 2021 40 жаштан кийин ТӨШӨКТӨ боло турган КЫЗЫКТАР менен  “КЕМЧИЛИКТЕР”

40 жашка келгенде “кандай болот экен?” деп ойлоно турган учурлардын бири  - төшөк катнашы. Эч ким ачык айтпаганы менен, ичинен кооптонору жашыруун эмес. Чынында бул жашка келгендер өздөрүнүн күч-аракетин чындап баалай башташат. Ал эми, алдыда эмне күтүп турат, кандай учурга даяр болуу керек, бүгүн ушул тууралуу сөз козгойбуз.

КӨБҮРӨӨК “кыймылдоо” керек болот

Тестостерон гормонунун төмөндөшүнө байланыштуу эркектер бул жашта “ар бир көйнөктүн” артынан узата карап кала турган “касиетинен” ажырай баштайт. Бул деген, анын “төшөктөн алыстап калганы эмес”. Болгону жыныстык катнашка атайын даярдык менен жакындоого туура келип калат. Аялдын көңүлү менен каалоосуна көңүл буруп калат. Жаш кездегидей шашылыш эмес, ар бир кыймылды өз эрежеси менен аткаруу керек. Ошон үчүн көбүрөөк күч коротууга туура келет.

40дан кийин түгөйлөр “АЧЫЛЫШАТ”

Көпчүлүк бул жашта дене жакындыгынан ырахат алуу болбойт деп ойлошот. Туура эмес пикир. Чындыгында 40дан ашкан кезде алардын сезимдери менен кумары 25 жаштагылардан ашып түшөт. Себеби, аларда мурункудай тартынуу, уялуу деген сезимдер болбойт. Эми алар эркин, каалоосун ачык билдирип жана аны аткара ала турган жашта.

ЖҮРӨККӨ күч келтирбөө керек

40 дан ашканда көп  кызыктын бирден бир “кемчилиги” ушул. Бул жүрөк картайды деген эмес. Жүрөк-кан тамыр тутуму жыныстык катнашта маанилүү роль ойной турганы белгилүү. Активдүү кыймыл менен оргазм учурунда кан айлануу тездеп, жүрөктүн иштеши да күчөйт. Ден соолуктун чың болушу дагы ушул жашта маанилүү. Жүрөк-кан тамыр тутуму мыкты болсо, төшөктөгү жөндөм менен либидо да жогору болот.

Бала “жасоо” – маанилүү “ЖУМУШ”

Жыл өткөн сайын аялдын энелик урук клеткасынын сапаты менен өлчөмү азая берет. Ошондуктан, 40 жаштан ашканда бала көтөрүү алда канча кыйын болот. Эгер ушул жаштагы түгөйлөр балалуу болунуу каалашса, ага мурункудай мамиле кылбаш керек. Башкача айтканда, бул жашта “бала жасоо” кадимки эмгекти талап кылган жумушка айланат.

Эркектер мурункудан узагыраак “кыймылдашат”

Жашы улгайган сайын эркектер бел сууну кармап калууга үйрөнүшөт. Бул да гормондордун өзгөрүүсүнөн... Ошонусу менен да түгөйүнө көбүрөөк ырахат тартуулайт. Тагыраак айтканда, түгөйүнүн төшөктө канаттануусуна көбүрөөк маани берет. 40дан ашкандагы төшөк катнашынын дагы бир жакшы жагы ушул.